01:39 31 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.8100
  • EUR89.6142
  • RUB1.0114
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
127 0 0

Аталган компания электр энергиясынын 97 пайызын өндүрөт. Энергосистеманын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватты түзөт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өлкөдө электр энергиясы көп колдонула баштады. Тагыраагы, аны колдонуу 1,5 пайыздан 10 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун орун басары Таалайбек Бектенов билдирди.

Ал төртүнчү ирет өтүп жаткан "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгрессине катышып жатат.

"Жылына электр энергиясын колдонуу 1,5 пайыздан 10 пайызга чейин өстү. Электр энергиясын колдонуу жылына бир жарым пайыздан өсүп жатат деп эсептесек, анда 2023-жылга 75 мегаваттык жаңы кубаттуулук киргизүү керек. Эгер беш пайызга өсүп жатса, анда 276 мегаватт зарыл", — деди Бектенов.

Аталган компания электр энергиясынын 97 пайызын өндүрөт. Энергосистеманын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватты түзөт.

Тема боюнча

Улуттук энергохолдинг электр энергиясына бааны көтөрүүнү сунуштап жатат
Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар
"Камбар-Ата ГЭС-1" өзүн-өзү 12 жылда акташы мүмкүн
Белгилер:
колдонуучу, электр энергиясы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ