Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные игры в Нарынской области
Конноспортивные игры в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 20-февралда, күндүз өлкө аймагында күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Талас аймагында +2…+7, Ысык-Көл жергесинде +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4…+9 градус жылуу, ал эми Нарында 0…-5 градус суук болот.

Күндүн табы борборубузда +4…+6 жана Ошто +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0