Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер бул жумада өлкө боюнча аба ырайы кандай болорунан кабар беришти. Аптанын көпчүлүк күндөрү жаан-чачындуу болуп, акырында күн жылый баштайт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, жума ичи мээлүн болуп, аптанын этегинде гана айрым жерлерде күндүн илеби +10 градус жана андан бир аз жогорураак көтөрүлөт. 

Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Ашуулар менен тоолуу жолдордо көчкү жүрөт
16-февралда күндүз Чүй, Ысык-Көл  облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун  кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаашы күтүлүүдө.  Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.  Жолдор тоңуп жана тайгалак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы ыктымал, калган аймактар жаан-чачынсыз. Күндүз бардык облустардын тоолуу аймактарына кар түшөт.

18-19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө. 19-февралда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда күндүн көзү көрүнбөйт.

20-февралда өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0