Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Ош жана Бишкек шаарларына да мезгил-мезгили менен кар түшөт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 16-февралда, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактары жаан-чачындуу болорун Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектерине жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын болушу күтүлөт.

Жолдор тоңуп, тайгалак болот, ал эми тоолуу аймактарда күрткү жаралышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында -1…+4, Ысык-Көл аймагында -3…+2, Баткенде +3…+8, Ош, Жалал-Абад облустарында + 2…+7 градус жылуу, ал эми Нарында -1…-6 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында да мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +2...+4, Ошто + 4…+6 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0