Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМетеостанция "Байтик", расположенная в 15 километрах от Бишкека
Метеостанция Байтик, расположенная в 15 километрах от Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ишемби күнү, 15-февралда, күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде, Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө + 6…+11, Талас жергесинде +5…+10, Ысык-Көл аймагында +3…+8, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +7…+12 градус жылуу, ал эми Нарында -1…-6 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда жана Ошто + 9…+11 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0