Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жума күнү, 14-февралда, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас жергесинде +4…+9, Ысык-Көл аймагында +2…+7, Баткенде +7…+12, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11 градус жылуу, ал эми Нарында -3…-8 градус суук болору айтылды.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт, Ош калаасында күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда жана Ошто +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0