Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / PexelsДождь в КР
Дождь в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү, 13-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Антарктидадагы саякатчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антарктидада күн ысып, абанын температурасы рекорд койду
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, кышкы жайыттарда мал кармоону, автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, кыймылды кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ысык-Көл аймагында +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +4…+9 градус жылуу, ал эми Нарында -3…-8 градус суук болору маалымдалды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада 0…+2, Ошто +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0