БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймагына кар түшөт.
9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунун тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
12-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
13-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.