Кыргызстанда кыздардан жигиттер көп. Жаштар боюнча статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомствонун 2018-жылга карата маалыматына караганда, 14-28 жаштагылардын арасында эркектердин саны — 815,5 миң болсо, кыз-келиндердики — 784,5 миң болчу.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы жаштар арасында кыздарга караганда жигиттер көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ведомствонун 2018-жылга карата маалыматына ылайык, 14-28 жаштагылардын арасында эркектердин саны — 815,5 миң болсо, кыз-келиндердики — 784,5 миң. Тагыраагы, айырмачылык 31 миң. Бул мурдагы жылкы маалымат экенин эске алганда, азыр бул жарандар 16-30 жашта. 

14-28 жаштагы кыргызстандыкдар (2018-жылга карата маалымат)
Кыргызстанда кыздардан жигиттер көп. Жаштар боюнча статистика - Sputnik Кыргызстан
14-28 жаштагы кыргызстандыкдар (2018-жылга карата маалымат)

Графикада аялзатынын саны бардык облустар боюнча аз экенин көрүүгө болот. Анткен менен Ош жана Бишкек шаарларында кыздардын көбүрөөк экени айкын болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0