Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
8-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ишемби күнү, 8-февралда, өлкөдө күн ачык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13… +18, Талас жергесинде +12 ... +17, Ысык-Көлдө +4 ... +9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары +14 ... +19 градус жылуу, ал эми Нарында -1… -6 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +15 ...+17 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0