Жаз келгендей! Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер бул жумада аба ырайы кандай болорун айтып беришти. Суук жана жаан-чачынды сүйбөгөндөр үчүн жакшы жаңылык бар.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ушул жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, апта ичинде күн жылып, абанын температурасы жогорулайт.

4-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жана кар жаап, тоолуу жерлерине кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаай турганы айтылды. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 чейин жетиши божомолдонууда.

Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жылый баштайбы? Февралга карата аба ырайы
5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын жаабайт. 5-февралда күндүз жана 6-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

6-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал.

8-9-февралдарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0