Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшө турганын билдирди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү, 29-январда, республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймагында -2...+3, Таласта -4...+1, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -7...-12 градус суук болору айтылды.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борборубузда 0...+2, Ошто +4...+6 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0