Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо жана тоолуу жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү, 28-январда, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында -3...+2, Ысык-Көлдө -4...+1, Баткенде 0...+5, Ош, Жалал-Абад облустарында -1...+4 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Борборубузда 0...+2, Ошто +2...+4 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0