Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, келерки аптада кээ күндөрү кар жаап, жолдор тайгак болот. Апта аягында абанын температурасы бир аз жогорулайт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, бул жумада кээ күндөрү кар жаап, жолдор тайгак болот.

27-январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Орто-Токойское водохранилище в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Бул Кыргызстандагы сулуулук! Асмандан тартылып, кайдыгер калтырбаган 12 сүрөт
28-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

29-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Баткен, Нарында кар жаабайт.

29-январда күндүз жана 30-январда жаан-чачын болбойт.

31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0