Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишемби күнү түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ишемби күнү, 25-январда, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +1...+6, Ысык-Көлдө -2...+3, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +2...+7 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +4...+6, Ош калаасында +5...+7 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0