Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
21-январда тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү, 21-январда, өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында -3...+2, Ысык-Көлдө -1...+4, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 0...+5 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -10...-15 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +1...+3, Ошто +3...+5 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0