Кар дагы жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАяз киши жасап жаткан үй бүлө. Архив
Аяз киши жасап жаткан үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп турат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, бул жумада мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп турат.

19-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

20-январда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

21-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Дарак отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте "Бак-дарак отургузуунун улуттук күнүн" белгилөө сунушталды
22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын кээ бир райондорунда кар жаай турганы айтылды.

23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-январда жана 25-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 25-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0