Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер 19-январда жолдор тайгак жана тоңголок болорун билдирди. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү, 19-январда, республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +2...+7, Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +3...+8 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болору айтылды. Күндүн табы борбор калаада +4...+6, Ошто +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0