Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүОбработка хвойных деревьев защитным составом в Новосибирске
Обработка хвойных деревьев защитным составом в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ишемби күнү, 18-январда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл аймактарында -2...+3, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1...+6 жылуу, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.

Борборубуз Бишкекте 0...+2, Ош калаасында +3...+5 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0