Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКанатная дорога "Мисхор - Ай-Петри"
Канатная дорога Мисхор - Ай-Петри - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бейшемби, 16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көлдө 0 ... -5, Талас аймагында -1 ... -6, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, Нарын өрөөнүндө -4...-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада -1 .. -3, Ошто 0 ... -2 градуска чейин суук болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0