Февралда катуу суук түшөбү? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын февраль айында Кыргызстандын аймагындагы жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет февраль айына карата аба ырайынын божомолун таратты.

Чүй

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1...-3 градус суук болору айтылды.

Облуста ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин жетет. Ал эми күндүз -1…-6° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүп турат. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 18-29 мм).

Талас

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Февраль ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -11…-16° суукка чейин, күндүз -1…-6° сууктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° чейин жогорулашы мүмкүн. Ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1° сууктан…+1° жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Дарак отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте "Бак-дарак отургузуунун улуттук күнүн" белгилөө сунушталды
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -2° суук...+3º жылуулукка чейин, күндүз +2…+7° жылуулуктан +8…+13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы +12…+17° чейин жогорулашы мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -8...-13º суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан +3…+8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 37-93 мм).

Ысык-Көл

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Февраль ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -7…-12° суук болушу күтүлөт. Күндүз -2°…+3° жылуулуктан +3…+8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

Нарын

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12°, Кочкор районунда -5…-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -18…-23° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Ат-Башы районунда ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -22…-27° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…-5° сууктан -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (11-14 мм).

Алай

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -13…-15º суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -14…-19° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Ал эми күндүз -8…-13° суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (25-27 мм).

Суусамыр

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -17…-19° суук болушу күтүлөт.

Февраль ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -21…-26° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан -6…-11° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай ичинде, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -29…-34°, күндүз -12…-17° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (15-17 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0