Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 15-январда кээ бир райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө -4...+1, Талас аймагында 0...-5, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында -2…+3, Нарын жергесинде -7...-12 градус суук болору айтылды.

Бишкек, Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Борборубузда 0...-2 суук, Ош калаасында -1...+1 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0