Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткү түшөт.

БИШКЕК, 12 -янв. — Sputnik. 13-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткү түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым өрөөндөрдө 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде -3…+2, Ысык-Көлдө -2…+3, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0…+5, Нарында -5…-10 градус суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Күндүн табы баш калаада 0…+2 градуска көтөрүлсө, Ошто +3…+5 градуска чейин жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0