Былтыр Кыргызстан мамлекеттик карызына канча сом төктү. Министрликтин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралар. Архив
Бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомствонун сайтында мамлекеттик карыздын абалы боюнча 30-ноябрга карата гана маалымат берилген. Ага ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 503 миллион АКШ долларын түздү.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 28,1 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

"Тышкы карызга дээрлик 14 миллион сом кетсе, ички бересеге 14,1 миллион сом бөлүндү", — деп айтылат маалыматта.

Заместитель министра финансов КР Алмазбек Азимов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азимов: 2020-жылдын бюджетинен 15,5 млрд. сом баалуу кагаздарга каралды
Муну менен катар министрлик мамлекеттик карыз өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ведомствонун сайтында мамлекеттик карыздын абалы боюнча 30-ноябрга карата гана маалымат берилген. Ага ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 503 миллион АКШ долларын түздү. Сом менен эсептегенде 314 миллиард 567 миллион сом.

Мамлекеттик карыз — бул өлкөнүн насыялык макулдашуусу же башка карыздык милдеттенмелери боюнча ички жана тышкы карыздын жалпы суммасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0