Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСнегопад на Тверской улице в Москве
Снегопад на Тверской улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, 12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Ош, Ысык-Көл, Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк облустарда кар жаашы божомолдонууда.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
13-14-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

15-16-январда да көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0