Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча соңку маалымат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЧек араны коргоогон аскер. Архив
Чек араны коргоогон аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын чек арачылары түнү менен күзөттө турушкан. Учурда дагы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 11-январга караган түнү Тажикстандын аймагында маал-маалы менен мергенчилик куралдан ок атылып жатканы угулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Жалпы жонунан чек арадагы кырдаал туруктуу деп бааланууда. Кыргызстандын чек арачылары түнү менен күзөттө турушкан.

"11-январда болжол менен саат 00.40тар чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын жаранына тиешелүү Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны тажик жарандары таш менен ургулап, маңдайкы айнегин талкалашкан", — деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Чек ара чыры

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Встреча Мухаммедкалыя Абылгазиева с Кохиром Расулзодой - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек ара чыры: эки өлкөнүн премьерлери телефон аркылуу сүйлөштү
Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0