Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКонный туризм на курортах Карачаево-Черкесии
Конный туризм на курортах Карачаево-Черкесии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү, 9-январда, республикада күндүз жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...-5, Ысык-Көл аймагында -4…+1, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылыйт. Ал эми Нарында -10...-15 градус суук болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте -1...-3 суук, Ош калаасында +2...+4 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0