Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, бул апта өтүп кеткен жумага салыштырмалуу бир аз суугураак болот. Айрым күндөрү кар жаап, жолдор тайгак болушу ыктымал.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы апта ичине карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна кар жаашы мүмкүн. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кар жаабайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшүшү ыктымал.

6-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз болсо Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөргө жаан жаабайт.

Густой туман в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кинодогудай кооптуу. Ишембиде Бишкекти каптаган коюу тумандын 12 сүрөтү
7-8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы божомолдонууда. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

8-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлерине кар жааса, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

10-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. 11-январда айрым райондордо кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0