Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / RICK LOOMISЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ишемби күнү Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +1...+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +2...+7, Ысык-Көл облусунда 0...+5 градуска чейин жылуу болсо, Нарын аймагында -6...-11 градус суук болору болжолдонду.

Ош шаарында жаан, кар жаап, күндүн табы күндүз +4...+6 градуска чейин көтөрүлсө, борбор калаада күн ачык болуп, +2...+4 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0