Жаңы жылдык дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетип, кээ бир райондордо туман каптайт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы дем алыш күндөргө карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

1-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаап, туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Районная тепловая станция Чертаново - Sputnik Кыргызстан
Майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт
2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 3-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар түшөт.

4-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жааса, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

5-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

Ал эми 6-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0