Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткүсү пайда болот.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү, 1-январда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде кар түшөт. Талас жана Чүй облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас аймагында -1…+4, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө -2…+3 градуска жылыйт, ал эми Нарын жергесинде -7...-12 градуска төмөндөйт.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +1…+3, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0