Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Шапран / Медиабанкка өтүүКурильский заповедник
Курильский заповедник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Ош, Баткендин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу аймактарда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Таласта +2... +7, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4 ... +9 , Ысык-Көлдө +1 ... +6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын жергесинде -8 ... -13 градус  болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаабайт. Термометр  Ошто +7 .... +9, борбор калаада +5 ... +7 градусту көрсөтөт.

В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт кандай иштейт. Расписание
Айдоочуларга эскертүү: 29-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138- чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаан-чачын катуу жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын  жүрүшүн кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0