Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыш. Архив
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-декабрда күн эң суук облус — тоолуу Нарын, ал эми жылуу  аймактар — Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандары болору айтылды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү, 26-декабрда, мындан мурдагы күндөргө салыштырмалуу республика боюнча күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +2…+7, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +4…+9, Нарында -1...-6, Ысык-Көл аймагында -1…+4 градус болот.

Бишкек, Ош шаарында кар жаабайт. Күндүн табы борборубузда +5…+7, Ошто +7…+9 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0