Жаңы жылга чейин аба ырайы кандай өзгөрөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтыднагы балаты. Архив
Ала-Тоо аянтыднагы балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-декабрга чейин Кыргызстан боюнча аба ырайы туруктуу болуп, өзгөрбөйт. Ал эми 30-31-декабрда абанын температурасы кескин түшүп, суук болот.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 31-декабрга чейин өлкө аймагы боюнча кандай аба ырайы күтүлүп жатканын жарыялады.

25-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-26-декабрларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

30-31-декабрда  аба ырайы өзгөрүп турат. Кээ бир райондордо кар түшүп, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0