Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Руслан Шамуков / Медиабанкка өтүүСуук аба ырайы. Архив
Суук аба ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 24-декабрда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -4…+3, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 0…+5, Нарында -3...-8, Ысык-Көл аймагында 0…-5 градус болот.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Борборубузда 0…-2 градус суук болсо, Ошто +3…+5 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0