Туман түшөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Жолдор тайгак, тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
23-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жалал-Абад облусунда, Ысык-Көлдүн чыгышында жаан-чачын катуу болот.

24-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда аба ырайы бузулат. Чүй, Талас облусунда күн ачык болот.

25-26-декабрларда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман капташы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0