Өлкөдө эң арзан көмүр каякта сатылууда? Статистика

Жазылуу
Кара алтындын орточо баасы ноябрь айына салыштырмалуу декабрдын үчүнчү жумасында 156,37 сомго түшсө, кээ бир жерде баа өзгөргөн жок.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Чаекте көмүр бир тоннасы 2500 сом болсо, Баткен шаарында 7 807 сомго чейин жетүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме өлкөнүн калк жашаган 18 аймагында сатылган көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзгөн. Анын негизинде кара алтындын орточо баасы ноябрь айына салыштырмалуу декабрдын үчүнчү жумасында 156,37 сомго же 3,3 пайызга төмөндөдү. Ал эми кээ бир жерде баа өзгөргөн жок.

Учурда эң кымбат көмүр Баткен, Ноокат, Исфана шаарларында сатылып, бир тоннасы 6300 сомдон 7800 сомго чейин жетүүдө.

Учурда аймактарда бир тонна көмүр канчадан сатылуу?
Өлкөдө эң арзан көмүр каякта сатылууда? Статистика - Sputnik Кыргызстан
Учурда аймактарда бир тонна көмүр канчадан сатылуу?

Ал эми республика боюнча эң арзан көмүр Нарын, Балыкчы шаары менен Чаек айылында. Кардарлар аны 2500 сомдон 3700 сомго чейин алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0