Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Ысык-Көл жергесинде -2...-7, Талас, Нарын аймактарында -4...-9, Баткенде -4...+1, Ош, Жалал-Абад облустарында -3...+2 градус болот.

Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Сууктун күчү борборубузда -6...-8 градуска жетсе, Ошто -2…-4 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0