17:42 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
74 0 0

Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. 16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бирок жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Талас, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүндө -3…+2, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында -1…+4 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -3…-8 градус суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада 0…+2 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +2…+4 градуска жетет.

Тема боюнча

Күн качан ачылат? Бир жумага карата аба ырайы
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ