08:32 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
199 0 0

2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түзгөн. Бул былтыркы жылга караганда иши жок жүргөндөрдүн көбөйгөнүн түшүндүрөт. Себеби 2018-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,3 пайыз эле.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы өлкөдөгү жумушсуздук, элди иш менен камсыздоо маселеси боюнча билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түзгөн. Бул былтыркы жылга караганда иши жок жүргөндөрдүн көбөйгөнүн түшүндүрөт. Себеби 2018-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,3 пайыз эле.

Өлкөдөгү шаар, аймактардын арасынан расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаары менен Чүй облусунда — 1,2 пайыз. Эң жогорку деңгээл Жалал-Абад облусунда, ал жакта 7,3 пайыз деп белгиленген.

"2019-жылдын 1-ноябрына карата 102,9 миң жумушсуз адам иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо турган. 2018-жылга салыштырмалуу 11 миң адамга же 12 пайызга көп. 2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу эки пайызга көп. Алардын ичинде 60 пайызы (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан", — деп жазылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзгөнү да айтылды. Бош орундар арасында жумушчу адистигине суроо-талап көп. Быйыл ноябрь айына чейин 41,1 миң жумушсуз жаран каттоодон чыгарылган. Анын ичинде 46,1 пайызы — жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар.

Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Тема боюнча

Нарында ири логистикалык борбор курула баштады. Сүрөттөр
Өкмөт тогуз айда өлкөдө 73 миң адам жумуш менен камсыздалганын айтты
Белгилер:
издөө, жумуш, кесип, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ