06:00 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
124 0 0

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү, 15-декабрда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Термометрдин көрсөткүчү Чүйдө 0...-5, Талас аймагында -1…-6 градуска чейин төмөндөйт, ал эми Ысык-Көлдө -1...+4, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0...+5 градус жылуу, Нарын жергесинде -2…-7 градус суук болот.

Бишкекте күндүн биринчи жарымында кар жаап, абанын температурасы 0...-2 градус болсо, Ош шаарында күн ачык болуп, +2…+4 градус жылуу болору болжолдонду.

Тема боюнча

Бишкек — Ош жолунда кыйынчылыкка кабылгандарга шарттар түзүлдү. Видео
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ