Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПервый снег выпал в Бишкеке
Первый снег выпал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында +2...+7, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4...+9, Таласта +1…+6 градус жылуу, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында жамгыр, кар жаайт. Борборубузда термометрдин көрсөткүчү +4...+6, ал эми Ош калаасында +6…+8 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0