17:09 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
58 0 0

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

БИШКЕК, 06-дек. — Sputnik. Ишемби күнү, 7-декабрда, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +4…+9, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +6…+11, Ысык-Көлдө +1…6 градус жылуу, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.

Бишкекте күндүн табы +5…+7, Ошто +8…+10 градуска жетет.

Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ