Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовТуман. Архив
Туман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жума күнү, 6-декабрда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, Нарын облусунда, ошондой эле тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +3…+8, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +7…+12, Ысык-Көлдө +2…+7 градус жылуу, Нарын жергесинде -1…-6 суук болот.

Бишкекте жамгыр, кар, ал эми Ош шаарында жаан жаай турганы айтылды. Ал эми күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ошто +9…+11 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0