Кайра кар жаайт! 12-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Эртең, 6-декабрда, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Нарын облусунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

7-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт.

Ал эми күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

8-10-декабрь аралыгында жаан-чачын болбойт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ал эми 11-12-декабрда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0