Окуя Бишкек шаарындагы №12 үй-бүлөлүк медициналык борбордо болгон. Министрликтен күнөөлүүлөр жазасын алгандыгын айтышты.
Бейшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстанда Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын каржылоо үчүн жеңилдетилген акча бермекчи.
Саркуловдун айтымында, учурда бир дагы мамлекеттик органга "Коопсуз шаардан" түшкөн каражат бөлүнүп бериле элек.
Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.
ЖКККББ жасалма номер таккан айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмүн көтөрүү маселесин козгоду. Эгер сунуш колдоо тапса, эреже бузгандарга 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
Вице-мэр кызматтардын жетекчилерин сынга алып, ошол эле учурда ал жакта иштегендердин маянасын көтөрүү маселеси караларын убадалады.
Автоунаа Кыргызстанга 1996-жылы алып келинген. Андан бери төрт жолу каттоого алынган, башкача айтканда, төрт киши сатып алган.
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору, билим берүү боюнча серепчи Доктургүл Кендирбаева баланын жашоого келген алгачкы 1000 күнү орду толгус, өзгөчө жооптуу курак экенин айтты.
USAID программасынын "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун жарандык-коомдук уюмдарынын менеджери Темир Төлөгөнов аталган дарттын дарыга туруктуу түрүнүн көбөйүшүнүн себептерин айтты.
Отунбаева бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген Кыргызстандын алгачкы экс-президенти жана Борбор Азиядан чыккан алгачкы президент айым.
Окуу жылынын башында окуучулардын каникулунун календары кабыл алынган. Кышкы каникул канчасына чейин созуларын эске салабыз.
Ак-Ордо-3 жаңы конушунун айыл башчысы Сыргак Майрамбек уулу конуш жашоочуларын шылуундар алдап кете бергенинен тажап жүрүп айыл башчылыкка келгенин айтты.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында генералга карата козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталган.
Буга чейин Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер жана башка адамдар суракка чакырылмай болгон.
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Абылгазиев кол койду. Кожошев эки жыл экономика министри болуп турган.
Автоунааларды өткөрүү жана бажыдагы каттоо бекеттериндеги 14 камера мамлекеттик "Түндүк" системасына туташты.
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев акыркы кезде көз оорулары жана көздүн көрбөй калуусуна алып келген сырткы таасирлерден улам жабыркап, дарыгерлерге кайрылган адамдардын саны өсүп жатканын айтты.
Шектүү катары кармалган инспектор буга чейин да жүрөгү ооруп калаадагы ооруканалардын биринде дарыланып чыккан.