Кыргызстанда жасалма номер тагылган 768 унаа аныкталды

© пресс-служба ДПС ГУВД КРПодложные государственные номера "KYRGYZ" и "VIP (ЧИКА)"
Подложные государственные номера KYRGYZ и VIP (ЧИКА) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББ жасалма номер таккан айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмүн көтөрүү маселесин козгоду. Эгер сунуш колдоо тапса, эреже бузгандарга 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери жасалма номер тагылган 768 унаа аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын Мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда жол кырсыктардын санынын өсүшүнө эмне себеп" аттуу тегерек столго катышуу учурунда билдирди.

Шабдановдун айтымында, мыйзам бузган айдоочуларга карата эреже бузгандыгы боюнча протоколдор түзүлүп, унаалар айып короого киргизилген.

Ал эми жасалма номерлүү унаалар кантип аныкталарын ЖКККББнын жетекчиси Ыманалы Саркулов айтып берди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун системасы эреже бузуулардын көп түрүн аныктай алат. Бирок жасалма номерлер боюнча маалымат базада жок. Буга байланыштуу андай номерлүү унааларды "Розыск" системасы аркылуу кармайбыз", — деди ал.

Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Радио
ИИМ өкүлү айдоочуларга кайсы учурда айып пул салынбай турганын айтты
Саркулов белгилегендей, бүгүнкү күндө жасалма номер менен жүргөн айдоочулар 10 миң сом айыпка жыгылат. Бирок мындай фактылар көп болуп жаткандыгына байланыштуу айып пулдун суммасы кыйла көтөрүлүшү мүмкүн.

"Жасалма номер таккандар жол эрежесин көп бузарын байкадык. Мындан улам Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесин Жоруктар кодексинин 173-беренесине алмаштыруу сунушу түштү. Мындай шартта айып пулдун көлөмү 20 миңден 30 миң сомго чейин өсүшү мүмкүн", — деди Саркулов.

Ал ошондой эле "Коопсуз шаардын" негизги максаты эреже бузуучулардын эсебинен акча топтоо эмес, жол кырсыктардын санын азайтуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0