Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрь, шаршемби күнү, өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, бирок жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Таласта +8…+13, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын жергесинде -3…+2, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +11…+13 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0