Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 3-декабрда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми калган аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас жергесинде +7...+12 градус жылуу, Нарын аймагында -2...-7 градус суук, Ысык-Көлдө +1...+6, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +8...+13 градус жылыйт.

Бишкек, Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада термометрдин көрсөткүчү +8…+10, Ошто +10…+12 градус көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0