18:30 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кургак учук менен ооруган киши. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар көбөйдү

© AP Photo / Mahesh Kumar A.
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
152 0 0

Учурда кургак учук дүйнөдө адам өмүрүнө коркунуч туудурган 10 илдеттин бири. Айрым аймактарда дайым дары ичкен оорулуулардын саны өсүүдө.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учуктун дары жардам бербей калган оор түрү менен жабыркагандар көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн маалыматына таянып The Lancet журналы жазды. 

Анда белгиленгендей, Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде кургак учук илдетин жуктургандар көп болууда. Жалпы бейтаптардын 85 пайызы (Түркмөнстан боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес) бул аймактардагы 17 мамлекетте жашайт. Алардын 90 пайызы оорунун туруктуу формасы менен жабыркап, үзгүлтүксүз дары ичишет.

Айрым мамлекеттердеги оорулууларды иликтөөдө өнөкөт илдетке айланып кеткендердин саны өскөнү байкалган. Эстония менен Латвияда ооругандар азаюуда. Ал эми Азербайжан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Румыния, Тажикстан, Украина жана Өзбекстанда бейтаптар көп катталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында Армения, Белоруссия, Болгария, Грузия, Казакстан, Литва жана Түркияда абал туруктуу.

Кургак учук бугүнкү күндө адам өмүрүн алган кооптуу 10 дарттын катарына кирет. 2017-жылы дүйнөдө 10 миллион адам ооруган болсо, анын 1,6 миллиону каза тапкан. 2000-2017-жылга чейин дартты аныктоо жана аны дарылоо жакшы жүргүзүлгөндүктөн ооругандардын саны 54 миллион адамга кыскарган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кургак учук менен ооругандардын арасында өлүмдүн санын азайтуу боюнча стратегиялык планды ишке ашырууда. 2015-2035-жылдарда бейтаптардын саны 95 пайызга кыскарып, жаңы жуктуруп алгандар 90 пайыздай болору кутүлүүдө.

Кыргызстандагы кургак учук боюнча абалды төмөнкү инфографикадан көрүүгө болот.

Тема боюнча

Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү
Кыргызстандын кайсы аймагында кургак учукка чалдыккандар көп? Карта
Белгилер:
бейтап, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, оору, дарт, кургак учук

ЭҢ МААНИЛҮҮ